Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2024-2025-окуу жылына карата райондук билим берүү кызматкерлердин Август усулдук окууларынын жана пленардык кеңешмеси
Жарыяланган датасы:
26.08.2024

2024-жылдын 26-августунда Түп райондук маданият үйүндө 2024-2025-окуу жылына карата райондук билим берүү кызматкерлердин Август усулдук окууларынын жана пленардык кеңешмеси өткөрүлдү. 2024-2025-окуу жылы үчүн Түп районундагы билим берүү кызматкерлеринин «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана горизонттор» аттуу пленардык жыйынынды ачуу үчүн Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдылдаев Сейитбек Нуртаевич куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге жаңы окуу жылында бекем ден соолук, күч-кубат каалады. Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Руслан Сарымсаков, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Канатбеков жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору кеңешменин катышуучуларына жаңы окуу жылында, жаңы, сапаттуу билим берүүгө, окуу-тарбия ишинде ийгиликтерди жарататууга тилектештиктерин билдиришип, каалоо-тилектерин айтышып, музыкалык чыгармалар жаңырды.