Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык маарекеси
Жарыяланган датасы:
31.08.2024

Урматтуу мекендештер жана Түп районунун тургундары,кадырлуу калкым !
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык маарекелери менен Түп районунунун элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Биздин ата-бабаларыбыз кыргыз эилибиздин эркиндиги үчүн сансыз кылымдардан бери Ала-Тообузду, Берметибиз Ысык-Көлүбүздү көзүнүн карегиндей сактап, бизге бүгүнкү күнүнбүздү тартуулап берди. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө алгач пайдубалын түптөгөн Кыргыз элинин чыгаан инсандары Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыковдор кыргыз элибиздин жүрөгүнө түбөлүккө сакталып, өчпөс ысымдарга айланды. Бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн 33 жылдыгы аз убакыт ичинде болгону менен, дүйнөлүк аренада кыргыз элибиздин желеги бийик желбиреп, дүйнө элине таанылган өнүгүү жолундагы мамлекет болуп таанылдык. Быйылкы жыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын бир белгилөө тарыхый учурга туш келип, кыргыз элибиздин тарыхында алтын тамгалар менен өчпөс болуп жазылып калгандыгы баарыбызга белгилүү болду. Бул кош маарекеге карата республикалык деңгээлдеги 100 ири обьектинин ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин катышуусунда онлайн форматта Түп районунан 4 обьектинин киргендиги Түп районунун элин сыймыктандырат.
Урматтуу Түп районунун тургундары бүгүнкү кош майрам ата-бабаларыбыздын жана элибиздин зор үмүтүнүн жана аманттардын аткарылгандыгын далилдейт, алдыга карай максаттарга жетүүнүн ишенимдүүлүгүн бекемдейт. Кыргызстаныбыздын асманы ачык болуп, жер жүзүндө тынчтык болуп, жаратканым жаратылыштын кырсыктарынан сактап, элибизде ынтымак-ырашкерлик ар дайым коштоп жүрсүн! Баарыңыздарды бүгүнкү кош майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Терең урматтоо менен, К. Адиев