Түп районунун тарыхы
Түп районунун тарыхы
Түп району — Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы административдик-аймактык бирдик. Административдик борбору — Түп айылы. Түндүгүнөн, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Ысык-Көл району, түштүгүнөн, түштүк-чыгышынан Ак-Суу району менен чектешет. Батышынан Ысык-Көл чулгайт. Аянты 2,1 миң чарчы/км. Калкы 62,4 миң адам (2019). 2024-жылга калкынын саны 72 491адам, анын ичинен 36 624 –эркек, 35 867-аял кишилер. Райондо 13 айыл аймагы болгон., 37 айыл бар (2021)
1935-жылдын 8-февралында (кээ бир маалыматтар боюнча 1934-жыл) негизделген. 1943-жылдан 1952-жылга чейин Түп району эки административдик бирдиктен Түп жана Талды-Суу райондору болуп турган. 1952-жылы кайрадан Түп району болуп түзүлгөн. 1962-жылы Түп районуна Каракол (Пржевальск) району бириктирилген. Кийинчерээк кайрадан өзүнчө район болгон.
Район негизинен Түп өрөөнүн жана Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түштүк капталын ээлейт. Түндүгүндө Тасма дөңсөөсү жайгашкан. Климаты континенттик, кышы өтө суук эмес, жайы салкын, райондун климатына «санташ» шамалынын (өзгөчө кыш айларында) таасири чоң. Июлдун орточо температурасы 17 — 20°С, январдыкы -5 ... -15°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500—700 мм. Негизги суулары: Түп (жогорку агымы Ак-Суу районуна караштуу) жана анын куймалары Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Бет, Табылгыты, Капа-Булак жана башкалар. Топурагы жана өсүмдүгү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык таралган. Өрөөн бөлүгүндө (2100 метрге чейин) күрөң жана коңур, андан жогору кара топурактуу. Түздүктөрдө талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоо капталдарында карагай, арча жана бадал өсөт. Андан жогору, 3200—3300 метрден баштап альп шалбаасы, ал эми 3500—3600 метрден — кардуу тилке жатат. Түп булуңунан балык кармалат. Жээк түздүктөрдө кыргоол, коён, ошондой эле байырлаштырылган уссури жанаты жана ондатр бар. Суучул куштардан ак кытан, токой чулдугу, куу, каз, өрдөк жана башкалар кыштайт. Токойлорунда элик, арыс, аюу, карышкыр, кашкулакжана башкалар, тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, андан башка улар, таз кара, бүркүт кездешет. Тоо-талаа шалбааларында суур көп. Калкы. Негизинен кыргыз, орус, казак, украин жана башкалар жашайт. Калкынын көбү Ысык-Көлдү бойлой отурукташкан. Орточо жыштыгы 1 кмга 27,5 киши. Райондо айыл чарба өнүккөн. Күрмөнтү цемент кыш заводдору, Түп нан заводу, турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты иштейт. Райондо 4 фермердик чарба, түрдүү акционердик коомдор бар (2009). Айыл чарба дүң продукциясынын 56% мал чарбасынан алынат. 1993-жылы айыл чарбага жарактуу жери 159,4 га, анын ичинде айдоо 51,2 миң га жайыт 105 миң га көп жылдык өсүмдүктөр 0,5 миң га, чабынды 4,3 миң гектарынын айдоо аянтынын 42% (21,1 миң га) сугарылат. Дан эгиндери (26,9 миң га тоют өсүмдүктөрү 20,8 миң га картөшкө 1,2миң га), жашылча 0,17 миң га айдалат. 1993-жылы райондун чарбаларында 655,1 миң центнер буудай, 190,2 миң ц. картөшкө, 60,4 миң ц. жашылча, 6,1 миң ц. мөмө-жемиш жыйналган. Мөмө дарактары, карагай жана башкалар отургузулган. 1992-жылы 142,2 миң кой, эчки, 27,6 миң уй, 5,5 миң чочко, 5,7 миң жылкы, 10,1 миң үй кушу болгон.1992-жылы 5,1 миң тонна эт (тирүүлөй салмак), 18,6 миң т. сүт, 449 т. жүн мамлекетке тапшырылган. Райондун аймагы аркылуу Бишкек - Каракол авто жолу өтөт. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992-93-окуу жылында 30 жалпы билим берүүчү мектепте 13,3 миң окуучу окуган; 1140 мугалим (913 жогорку билимдүү) иштеген. 15 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 1178 бала тарбияланган. Айыл чарба техникуму, борбордук китепкана жана анын 35 бөлүмү, 27 клуб бар. Райондук «Каркыра» гезити чыгат.5 оорукана, бейтапкана, 5 участкалык оорукана бар, айылдарда ФАП бар. (интернет булактарынан алынды)
Түп району сууну 24,8 миң га жерине суу Чыгыш Шинаты, Ак-Булак, Күрмөнтү, Чоң-Сары-Булак, Кичи-Сары-Булак, Шаты, Ичке-Суу, Көөчү, Батыш Корумду, Чыгыш Корумду, Чоң-Таш, Жылуу-Булак, Батыш Кең-Суу, Чыгыш Кең-Суу, Табылгыты, Кара-Суу, Түп, Жыргалаң сууларынын сугат системалары аркылуу жеткирилет (1993). Чарба аралык каналдардын узундугу 118,3 км. Мындагы гидротехникалык курулмалар 68, гидрокүзөттөр 66. Ири каналдары: Түп, Комсомол. Түп башкы каналы 1985-жылы реконструкцияланган, узундугу 28 км, суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 15 м, 27 автоматтык жапкыч менен жабдылган.6,8 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Комсомол каналы сууну Жыргалаң суусунун төмөнкү агымына орнотулган «Тепке» насос станциясынан (5 агрегаттан турат) алат; суу (80 м бийиктикке көтөрүлөт) өткөрүмдүүлүгү 6 м/сек; 5,5 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Сугатта «фрегат», «Волжанка» жамгырлатма машиналары, «Интерсигма» насос станциясы пайдаланылат. 2 жамгырлатма машина «Победа» колхозунун 800 га, мамлекеттик атайы чарбанын 750 га жерин сугарат. Түп районунун ирригациялык курулмалары райондук сугат тармактар башкармасына (Түп айылы, 1993-жылы бардыгы 92 киши, анын ичинде 32 инженер, 8 гидротехник, 22 көзөмөлдөгүч, 8 электр-моторчу иштеген) карайт.
Райондо 13 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 37 айыл бар болгон:
• Арал айыл аймагы: Миң-Булак (борбору), Арал, Долон, Кош-Дөбө, Сары-Дөбө айылдары Мин Булак совхоуна караган.
• Ысык-Көл айыл аймагы: Ысык-Көл (борбору), Ынтымак Маяк совхозуна караган;
• Кутургу айыл аймагы: Кутургу (борбору), Кичи-Өрүктү, Ой-Булак, Ой-Тал Фрунзе колхозунун курамында болгон;
• Михайловка айыл аймагы: Михайловка (борбору) Победа колхозу болгон;
• Тогуз-Булак айыл аймагы: Тогуз-Булак (борбору), Сары-Булуң ГКО Живпром совхозу;
• Сан-Таш айыл аймагы: Байзак (борбору), Каркыра, Кең-Суу, Сан-Таш, Сары-Тологой, Санташ совхозунун курамы;
• Сары-Булак айыл аймагы: Балбай (борбору), Күрмөнтү Карл Маркс колхозу;
• Ак-Булуң айыл аймагы: Ак-Булуң (борбору), Беловодское, Фрунзенское Ысык-Көл айыл чарба техникуму;
• Талды-Суу айыл аймагы: Талды-Суу (борбору), Ичке-Суу, Көөчү, Корумду Талды-Суу совхозу;
• Карасаев айыл аймагы: Тасма (борбору), Токтоян, Чоң-Тогуз-Бай Ленин комсомолу атындагы совхозу;
• Түп айыл аймагы: Түп (борбору), Бирлик, Шаты СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун курамы;
• Чоң-Таш айыл аймагы: Чоң-Таш (борбору), Жылуу-Булак Элебаев атындагы совхоз;
• Ак-Булак айыл аймагы: Ак-Булак (борбору) Курмөнтү цемент заводу орношкон;
2023-жылы Кыргыз Респуликасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде админитсративдик-аймактык реформа жөнүндө» " жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылы 5-апрелдеги № 185 токтому, ошондой эле Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 17 буйругунун негизинде райондогу 13 айыл өкмөтү ирилештирилип төмөндөгүдөй 5 айыл аймактар:
- Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак айыл аймактарын бириктирип, Балбай айыл аймагын административдик борбор деп аныктоо менен Балбай айылдык аймагы;
- Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш, жана Санташ айыл аймактарын бириктирип, Талды-Суу айыл аймагын административдик борбор деп аныктоо менен Каркыра айылдык аймагы;
- Түп районунун Карасаев жана Арал айыл аймактарын бириктирип, Миң-Булак айыл аймагын административдик борбор деп аныктоо менен Карасаев айылдык аймагы;
- Түп районунун Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактарын бириктирип, Михайловка айыл аймагын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагы;
- Азыркы чек араларын өзгөртүүсүз калтыруу менен Түп районунун Түп айылдык аймагы түзүлгөн.
Түп айылынын тарыхына кайрыла турган болсок, алгачкы Түптүн негиздөөчүлөрү жана келгиндери Преображенский айылына (Түп айылы) астрахандыктар 6-7 үй-бүлө 1868-жылы келип жайгашышкан. Түптүн эски жашоочуларынын айтуусу боюнча булардын фамилиялары Чувичкиндер, Григорьевдер, Усенковдор, Барышевдер, Мелеховдор, Гудковдор, Фодотовдор болгон. Андан 2-3 жылдан кийин Полтовадан, Курскиден, Воронежден да келгиндер келишкен.
Айыл Түп суусунун жанында, Пржевальск –Пишпек байланыш жолунун боюнда жайгашкан. 1900-жылдары колго жасалган тегирмен, май сыккыч, жүн тазалагычтар болгон. 1929-жылдан баштап чарбалар ирилештирилип алгачкы колхоздор уюштурула баштаган. Түп айылында ошол мезгилде 4 чоң эмес «Пятилетка в 4 года», «Крупская» «Красный Пахарь», «Приозерный» аттуу колхоздор уюшулган. 1934-жылдын декабрь айы, 1935-жылдын январь айларында Түп МТС түзүлгөн. МТСте «Коммунар», «СЗК» деген комбайндардан 47 даана, ЧТЗ, СТЗ деген тракторлор 18 даана болгон жана ага чиркешип иштей турган, ар түрдүү үрөн сепкич, чөп чапкычтары менен иштетишкен. МТСтин жетекчиси Р.М.Федотов, саясий жетекчи Сульженко, агротехниктер Саенко менен Хмырев деген адамдар болгон. (облархив 33-Ф, тиз.3, 5-к, 39-б).
1941-1945-жылдары миңдеген кыргызстандык жигиттер, аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германия кол салганда, Мекенди коргоо үчүн согушка аттанып, салгылашууларга катышып, баатырлык менен курман болуп ата мекенине кайтпай калагандар көп болгон. Ошол кездеги Крупская атындагы колхоздон М.С.Федотов-агроном, В.Г.Ковтун-бригадир, Я.И. Лячин-механиктин жардамчысы болгон, И.Е Воеводин, А.В. Казанцев, П.А.Бабкин, И.П.Ходюков жана башка 400 дөн ашуун колхозчулар согушка аттанышкан. Район боюнча согуш бүткүчө колуна куралын кармап канчалаган эрдиктерди көрсөтүп кайра жениш менен кайткандар да көп болгон. Атап кетсек Калыйнур Усенбеков, Василий Кайкин- Советтер Союзунун баатырлары, Данк орденин 3 жолку толук ковалери Абдыкасым Карымшаков, Тенти Тамашаев, Керимкул Бекболотов, Карыбай Кособаев жана башка көптөгөн жигиттер мекенине кайтып келип колхоздордо өмүрүнүн аягына чейин эмгектенишкен.
1970-жылы Түп айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдигинин урматына Жеңиш паркында эстелик коюлган жана мрамор доскада 394 аскердин аттары жазылган.
1950-жылдын аягында колхоздорду ирилештирүү башталып Министрлер Советинин № 3579 токтому менен жана 1950-жылдын 17-июлундагы токтому жана Эл депутаттарынын Түп райодук Советинин 1950-жылдын 21-ноябрындагы № 431 чечими менен «Пятилетка в 4 года», «Крупская» «Красный Пахарь», «Приозерный» 4 колхоз артели биригип «Большевик» колхозу болуп аталып калган. «Большевик» колхозуна 10643 гектар жер бекитилип берилген, анын ичинен 7281, 44 гектар айдоо болгон. 1956-жылы «Большевик» (колхозу) айыл чарба артели «Булганин» атындагы айыл чарба артели (колхозу) болуп аты өзгөрүп аталып калган.
1958-жылы «Булганин» атындагы айыл чарба артели (колхозу) «Заря» атындагы колхоз болуп кайрадан аты өзгөрүп аталган.
1959-жылы Түп райондук аткаруу комитетинин 13-февралда чыккан № 34 чечими жана СССР Жогорку Советинин колхоздоштурууну андан ары өнүктүрүү максатында экономикасы начар Бирликтеги ВЧК колхозун, Заря колхозуна кошуп Түп айылдык аткаруу комитетинине карап калган жана түбөлүккө 12148,75 гектар жерлери бекитилген, анын 11513, 75 гектары айылда талааларда, 635, 0 гектары «Белек Таш» тоо беттеринен жайыттардан, сайлардан берилген.
1963-жылы колхозчулардын жалпы чогулушунда 4-марттагы № 2 протокол менен Туп райондук компартиянын бюросунун чечими угулуп Шаты айылын Түп райондук аткаруу комитетинин Сары-Булак айылдык Советинин курамынан чыгарып, Заря колхозуна мал-жандыктарды айыл чарба шаймандары менен чогуу биргеликте Түп айлдык Советини курамына кошуп берүү жагы суралган. (Түп архиви 37-фонд 1-тизим, тарыхый маалымкат)
1971-жылдары дагы да колхоздорду ирилештирүү улантылып 1972-жылдын аягында «Заря» колхозу «СССРдин 50-жылдыгы атындагы» колхоз болуп өзгөргөн. Бул чарба чоң жана көп тармакты камтыган чарба болгон.
Н.Я Приставкин Түпкө согуштан жарадар болуп келип чарбада агроном болуп иштеп калган, кийин башкарма болуп бир нече жыл үзүрлүү эмгектенип, колхоз алдынкы чарбалардын катарына кошулуп Н.Я. Приставкин жана бригадир Г.И.Мох, МТСтин комбайнеру Д.М.Клименколор «Социалисттик эмгектин баатыры» деген ардактуу наамга ээ болушкан.
Колхоздун колхозчулары башкармасы Н.Я.Приставкиндин жетекчилигинин астында талыкпай эмгектенип, эң жогорку түшүмдүүлүктү камсыздап, мал чарбасы өнүгүп, райондо чон көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен колхозго Эмгек Кызы Туу Ордени тапшырылган. 1991-1995 жылдары СССР тарап, өткөөл мезгили келип, Кыргыз ССРи эгемендүүлүкту алып Кыргыз Республикасы болгондон кийин, 1998-1999-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоз Приставкин атындагы үрөнчүлүк чарбасы болуп калган.
Түп райондук мамлекеттик архивинде жогрудагы айтылган колхоздордун документтери 183 туруктуу сактоодогу, 2000 ашык өздүк курам боюнча көктөмөлөр турат, бул биздин Түптүн тарыхы. Тарыхы болбой эл болбойт демекчи өз тарыхыбызды азыркы жаш муундардын биле жүргөнү жакшы.