Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.12.2024

Кароолор: (19)

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк АИВ/ЖИКС каршы күрөшүү күнүнө карата

2024-жылдын 13-декабрында Түп айылындагы А.Карымшаков атындагы жалпы билим берүү мектебинде «1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк АИВ/ЖИКС каршы күрөшүү күнүнө» карата райондук деңгээлде сергек жашоого үгүттөө максатында мекемелер арасында эстафета өткөрүлдү. Аталган эстафетаны Түп райондук мамлекеттик администарция башчысы-акимдин орун басары Э.Дюшобаева ачып берип, өз сөзүндө район аймагындагы уюштурулуп жаткан бардык маданий, спорттук иш-чаралар мекемелердин ынтымагын бекемдейт деп белгилеп, районубузду алдыга чыгарууга үндөп, кызматкерлерге шыктануу берүү менен ар тараптан активдүү болууга чакырып, командаларга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык барактарын тапшырды. Командалар өз мекемелеринин ураандары менен жогорку денгээдеги даярдыкта (4-аял, 2-эркек жашы 35 жаштан жогору) катышып, колдоп-коштоп келген мекеме-жетекчилер тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышып, эстафетаны уюштуруп жаткан Айылдык Ден соолук Комитетине ыраазычылык билдиришти. Түп райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун директорунун орун басары Алмабеков Кубан «1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк АИВ/ЖИКС каршы күрөшүү күнүнө» карата маалымат берип, командаларга ден соолук жана ийгилик каалады. Эстафетанын жыйынтыгында Жер агенттигинин Түп филиалынын командасы 1-орун, райондук Социалдык фонд командасы 2-орун, Түп айыл аймагынын командасы 3-орунду ээлешип, диплом, медалдар менен сыйланышты. Командалар арасында ынтымак, достук жана кызматташтык дагы да бекемделе бермекчи.