Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.10.2024

Кароолор: (23)

1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата

Түп районунда 100 жаштан ашкан 7 кары адам бар. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын №256 Тескемесине ылайык 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237-Токтомуна ылайык 2024-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин Түп районунун аймагында “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” бир айлыгы өткөрүү жана аталган айлыктын алкагында жүргүзүлүүчү иш-план бекитилип, тиешелүү мекеме уюмдарга жана айыл аймак башчыларына иш алып баруу тапшырылган. Түп району боюнча 100 жаштан ашкан кары адамдардын тизмеси такталып, 7 адам аныкталды.

Дыйкамбаева Канымжан апа Жылуу-Булак айылынын тургуну 108 жашта

Чокчоева Жоошкан апа Жылуу-Булак айылынын тургуну 106 жашта

Молдосанова Тыным Кичи-Өрүктү айылынын тургуну 101 жашта

Джазыкбекова Тынчылык Балбай айылынын тургуну 102 жашта

Рысдөөлөтова Дарика Көөчү айылынын тургуну 109 жашта

Садабаева Жоошкан Токтоян айылынын тургуну 103 жашта

Орозобаева Айша Түп айылынын 103 жаштагы тургуну

Аталган 100 жаштан ашкан карыларга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 27-сентябрындагы №257 тескемеси менен 2000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Ар бир айыл аймактар жеринде иш-чараларды уюштуруу менен карыларга көнүл бөлүп, сый тамак уюштуруп, белектерин берип, колдоо көрсөтүшүүдө. Элге эмгеги синген, Ленинград шаарын фашисттик блокададан бошотууда, блокадага алынган шаардан Кыргызстанга эвакуацияланган балдарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы үчүн 150 баланын энеси аталган кыргыз кызы, Түп районунун Күрмөнтү айылынын жашоочусу Токтогон Алтыбасаровага (каза болгондон кийин) Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды. Аталган артыкчылык медалдын ыйгарылгандыгы 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүндө өз айылында салтанаттуу белгиленип, жеринде иш-чара өткөрүлдү.