16.09.2024
Кароолор: (29)
14- сентябрь -Улуттук тазалык күнү

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук тазалык күнү" Жарлыгынын негизинде Түп районунун айыл аймактарында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө. Ишембиликке райондук мамлекеттик мекеме ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан ишкердик объектилердин жана жергиликтүү тургундар тартылды.Ишембиликтин алкагында район аймагындагы көл жээктер, борбордук автоунаа жол жээктери, курорттук жолдор жана ички көчөлөр катуу тиричилик калдыктарынан тазаланууда. Жалпы ишембиликке 2057 жарандар катышып, чыгарылган таштандылар 31,9 тн.