06.12.2024
Кароолор: (120)
“16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк” акциясы

2024-жылдын 29-ноябрында Түп районунун Тогуз-Булак айылында USAID “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен Түп райондук мамлекеттик администрациясы уюштурган аялдарга жана кыздарга карата зордук зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган “16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк” акциясынын алкагында айыл аймактардын кыз-келиндери арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш “Кыздарга бирдей мүмкүнчүлүктөр”, “Коопсуздук жана өнүгүү”, “Дүйнөбүздү коопсуз жана мээримдүү кылалы” ураандарынын коштоосунда Түп районунун 5 айыл аймагынан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү кызматкерлеринен түзүлгөн 5 команда катышып 1-орунду Ысык-Көл, 2-орунду Каркыра, 3-орунду Түп, 4-орунду Карасаев, 5-орунду Балбай айыл аймактарынын кыз келиндер командалары ээлешип акчалай сыйлыктар, кубок, медалдар менен сыйланышты. Бул мелдешке 5 айыл аймактын айыл өкмөт башчылары тарабынан ар бир командага 5000 сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды. USAID “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен мындан ары дагы Түп районунун аймагында өнүгүү үчүн ийгиликтүү долбоорлорду жана акцияларды ишке ашырабыз деп ишенебиз.
Биргеликте дүйнөбүздү коопсуз жана мээримдүү дүйнөгө айландырабыз!