Көрүүсү начарлар үчүн версия

30.08.2024

Кароолор: (58)

2024-жылдын 30-августунда Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Түп районунун аймагында 4 социалдык обьектинин ачылыштары

2024-жылдын 30-августунда Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Түп районунун аймагында 4 социалдык обьектинин ачылыштары болуп өттү. Онлайн ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаровдун кыргыз мамлекетибиздеги өзгөрүүлөр жана “Илбирстин секиригиндей” ар тараптуу өнүгүүдөн калың калкка маалымат жеткирилди. Кең-Суу айылында “Көл-Төр”, Байзак айылында “Жаш-Тилек”, Михайловка айылында “Сары-Көл-Баластан” бала бакчаларынын жана Талды-Суу айылында У.Мамбеталиев атындагы маданият үйүн ачылыш аземине бекитилген Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ж.Султанбаева, Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.М.Адиев, Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Р.Д.Сарымсаков жана орун басары Э.А.Дюшобаева айыл аймак башчылары, мекеме жетекчилери жана иш чаранын сыйлуу коноктору менен бирге салтанаттуу ачышты. Талды-суу айылындагы У.Мамбеталиев атындагы маданият үйүнүн ачылыш аземине У.Мамбеталиевдин уулу К.Мамбеталиевдин жана үй бүлөсүнүн катышуусунда демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.Ачылыш аземине келген район эли учурдагы өнүгүүлөргө эң жогорку баа берип, ачылыштардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгына ыраазычылыктарын билдиришти.