13.02.2025
Кароолор: (110)
2024-жылдын мыктылары

13- февраль 2025- жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 12-февралындагы №32 тескемесинин негизинде 2024-жылдын жыйынтыгы менен мекеме уюмдар, айыл аймактар жана мыкты кызматкерлер сыйланды.
Төмөнкү номинациялар боюнча:
1. “Түп районунун кадырлуу эмгек каарманы” – Сейдахматова Бурулкан Маданбековна (Салык кызматынын улук инспектору)
2. “Эл сыймыгы” – Кубанычов Кайрат Бакытович (“Алай” командасынын капитаны Карасаев айыл аймагы)
3. “Жылдын мыкты мекемеси” – Мамлекеттик салык кызматынын Түп райондук башкармалыгы
4. “Жылдын мыкты жетекчиси” – Канатбеков Тилек Канатбекович (Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы)
5. “Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы” – Черикбаев Рустам Торгоевич (Каркыра айыл өкмөтү)
6. “Жылдын мыкты айыл аймагы” – Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү
7. “Жылдын мыкты насаатчысы” – Жумакадыров Муратбек Иманалиевич (“Каркыра” гезитинин редактору)
8. “Жылдын мыкты айыл башчысы” – Кашымбеков Жолонбек Аскарович (Балбай айыл аймагы Ой-Булак айылы)
9. “Жылдын мыкты кызматкери” – Дюшөнбаев Эдилбек Жакшылыкович (Түп райондук мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы)
10. “Жылдын мыкты дарыгери” – Исаева Алина Эрнисовна (Түп аймактык ооруканасынын инфекция бөлүмүнүн дарыгери)
11. “Жылдын мыкты билим берүү кызматкери” – Дүйшеева Гүлжан Бейшеевна (Билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук бөлүм башчысы)
12. “Жылдын мыкты спортчусу” – Муталипова Айгүл Максатбековна (Кол күрөш боюнча Дүйнө чемпиону)
13. “Жылдын мыкты ишкери” – Мамыралиев Женишбек Нурбекович (“Сүт Булак” ЖАК директору)
14. “Жылдын мыкты коомдук уюму” – “Тюп Пресс” коомдук уюму
15. “Ардак грамота” – Алисова Айзада Алисовна (Калкты каттоо департаментинин кызматкери)
16. “Ардак грамота” – Сааданбекова Венера Бегеевна (Балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун мугалими)
17. “Ыраазычылык кат” – Кыдыралиева Жыпаркүл Барктабасовна (КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн мүдүрү)
18. “Ыраазычылык кат” – Байзаков Талайбек Усупканович (КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери)
19. “Ыраазычылык кат” – Калпакова Рыскүл Асановна (Балбай айыл аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси)
20. “Баалуу белек” - Шибакова Рена Полодовна (Балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун тарбиялануучусу) Балдардын колго жасалган үй тиричилик буюмдарынын эл
аралык көркөм кол өнөрчүлүгү боюнча “Кол эмгек казынасы” сынагында байгелүү орунду багындыргандыгы үчүн сыйланышты.