03.03.2026
Кароолор: (7)
2026-жылдын 2-мартында Түп райондук мамлекеттик администрациясында башчы-аким Т.М. Мадяровдун жетекчилиги астында айыл аймак башчылары жана мекеме жетекчилери менен аппараттык жыйын болуп өттү.
2026-жылдын 2-мартында Түп райондук мамлекеттик администрациясында башчы-аким Т.М. Мадяровдун жетекчилиги астында айыл аймак башчылары жана мекеме жетекчилери менен аппараттык жыйын болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде 2 маселе каралды.
1. 2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылдарга карата пландар жөнүндө Республикалык Кенешмеде айтылган тапшырмалар боюнча;
2. Жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү жөнүндө.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Ж.Н. Жапаровдун тапшырмасына ылайык мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди колдоо, жер маселелерин чечүүдө бюрократиялык мамилеге жол бербөө, мекемелерге кайрылган жарандарга ийкемдүү мамиле кылуу, көйгөйлөрүн чечүү ж.б. тапшырмалар берилди.
