Көрүүсү начарлар үчүн версия

16.10.2024

Кароолор: (37)

"Бекем үй - бүлө ишенимдүү келечек"

2024-жылдын  15- октябрында Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагынын Михайловка айылында "Бекем үй - бүлө ишенимдүү келечек" аттуу форум-театр болуп өттү.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин Түп районундагы "ДЕМИЛГЕЛҮҮ АЯЛДАРДЫН ТОПТОРУ ТАРМАГЫ (жетекчиси Насипа Амаспаева)

" Бекем үй -булөө ишенимдүү келечек!"* Үй-бүлөдө бактылуу кыз улуттун уңгусу."аттуу театр- форум өткөрдү.

Иш -чарага КААБдын мүчөлөрү, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмү, Түп райондук билим берүү бөлүмү, Түп РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Кыргызстандагы ОБСЕнин өкүлдөрү, Түп райондук "Демилгелүү аялдар тобунун" өкүлдөрү, Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана Э. Мамырканов, В.Кайкин, А. Карымшаков, Ж.Асаналиев , Ынтымак, Т.Г. Шевченко атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жана коноктор катышты.

Театр-форумда Гендердик зордук -зомбулуктун алдын алуу, Эрте никеге туруунун зыяндуулугу, үй-бүлөлүк зомбулук жана миграция туткуну болуп калган жаштар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, ушул кезде турмушубузда аралашып жүргөн зордук-зомбулук боюнча жогорудагы мектептин окуучулары ар кыл окуяларды тартуу кылышты. Катышкандар арасында кызуу талкуу болуп, ар бири өз ойлорун ортого салышты.Форум-театр аркылуу көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алардын чечүү жолдорун сунуштоо жолдору каралды.