Көрүүсү начарлар үчүн версия

06.12.2024

Кароолор: (84)

"Кызыӊды барктаганыӊ, улутуӊду сактаганыӊ"

“16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк” акциясынын алкагында М.Элебаев атындагы Түп райондук китепканасында «Кызыӊды барктаганыӊ, улутуӊду сактаганыӊ» деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Түп райондук мамлекеттик администраиясынын социалдык бөлүмү, Түп айыл өкмөтүнүн алдындагы балдарды коргоо борборунун директору жана психологу Урбаева Шайым Уркалиевна, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Чекирова Венера Бакитнуровна, Түп райондук социалдык коргоо мекемесинин балдарды жана үй бүлө коргоо бөлүмүнүн башчысы Кубандыков Расул Мергенбекович, В.Кайкин, А.Карымшаков атындагы орто мектептеринин мугалимдери жана жогорку класстарынын окуучулары катышты. Тегерек столдо азыркы учурдагы оор көйгөйлөр, учурдагы кыз балдардын абалы, орду, кыйынчылыктары тууралуу сөз болду. Учурдагы бардык маалымат берүүчү тармактарда жалаӊ негативдүү маалымат берилип жаткандыгы балдардын өсүшүнө, тарбиясына, ыйманына терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу айтылды. Балдарды коргоо борборунун психологу Шайым Уркалиевна Түп районундагы зордук-зомбулукка катышкан кыздардын абалы, алар тууралуу статистиканы айтып өттү. Болуп өткөн окуя менен күрөшкөндөн көрө алдын ала иштерди өткөрүү эффективдүрөөк экендигине токтолду. Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Чекирова Венера Бакитнуровна балдарга жеткиликтүү турмуштук мисалдарды келтирип, ошол эле окуучулар тарабынан тартылган видео-роликтерди көрсөтүлүп, өспүрүмдөргө ишеним кызматынын байланыш номерлери байма-бай айтылып жатты.