31.01.2025
Кароолор: (21)
"Мамлекеттик акселераторлор" программасынын алкагында иш алып баруу тууралуу
"Мамлекеттик акселераторлор" программасынын алкагында, турак жайларда (үй тибиндеги бала бакча) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө даяр болгон айымдар менен биргеликте иш алып барууга чакырабыз. Бул программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгына ылайык ишке ашырылууда жана үй тибиндеги бала бакчаларды уюштурууга кызыкдар жарандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Билимдүү муун платформасы аркылуу окуп жана сертификат алып ошондой эле мамлекеттик салык кызматынан жеке ишкер катары каттоодон өтүп 2024-жылы 5 айым үй тибиндеги бала бакча ачуу менен иш алып барышты. Эгерде сиздерде ушул тармакта иш алып барууга кызыкчылыгыңыз болсо, бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен өз ишинизди баштап, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салымыныздарды кошууга чакырабыз. Бул аракеттердин натыйжасында, өлкөнүн билим берүү системасы дагы бир кадам алдыга жылат. Суроолор боюнча Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакашева Айжан Садыковна тел: 0998354222 жана Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Касиева Чолпон Кыдыргановна тел: 0704629974 кайрылсаныздар болот.