25.12.2024
Кароолор: (32)
"Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери" боюнча окутуу

12- декабрь 2024- жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жаңы шайланган Түп менен Ак-Суу райондорунун айылдык кеңештеринин депутаттарына "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери" боюнча окутуу өткөрүлдү.
Окууга жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жооптуу катчылары катышты.
Окутуунун максаты: Жергиликтүү кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу жана алар тарабынан негизги ченем чыгаруу , көзөмөлдөө, өкүлчүлүк функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тажрыйбаларын жана билимдерин жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери, жергиликтүү кеңештин компетенциясы, регламенти, жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу, жергиликтүү кеңештин ишин пландоо, ченем жаратуу процесси жана техникасы, жергиликтүү бюджетти түзүү, шайлоочулар менен байланыш түзүү, отчеттуулук чөйрөсүндө дараметин жогорулатуу болду.
Ал эми окутуунун милдети:
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ченем жаратуучу. көзөмөлдөө жана өкүлчүлүктүү функцияларды натыйжалуу аткаруусу үчүн зарыл болгон негизги теориялык билимди берип, практикалык көндүмдөргө үйрөтүү болуп эсептелет.
Окутуу семинарын Түп районунун акими Каныбек Адиев ачып бергенден кийин КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, ЖӨБ Союзунун директору Б.Орозбаев жана Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Доорбаевдар куттуктоо сөздөрүн айтып, окуунун максаттары жана милдеттерине токтолушту.
Окуу КР МК караштуу мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик табыштамасы боюнча Борбор Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу Академиясы ЮСАИДтин "Ийгиликтуу аймак 2" долбоорунун колдоосу менен улантылды. Бир күн кечке болгон окууда эң биринчи шайланган депутаттар тарабынан суроолор берилип, тренерлер тарабынан жооптор берилди. Практикалык иш дагы өз натыйжасын берди. Окуу учурунда тиешелүү төмөнкүдөй :
1.Жергиликтүү Кеңештин Типтүү регламенти:
2.Жергиликтүү Кенештин депутатынын Этика Кодекси
3.Айыл аймагынын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкару органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергилик жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү регламенти;
4.Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарын даярдоо боюнча Усулдук Колдонмо;
5.Муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө актуалдуу суроолордун жана жооптордун жыйнагы;
6.Жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн ченемдик укуктук актылардын жыйнагы;
7.Окутуу боюнча презентациялар боюнча тиешелүү таркатмалар таратылды.