13.11.2024
Кароолор: (20)
Браконьерликке каршы рейддерди күчөтүү

Түп райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-акимдин биринчи орун басары Р.Сарымсаковдун, Балбай, Түп, Ысык-Көл айыл аймактарынын башчылары, айыл башчылар жана экологиялык милициянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында Ысык-Көлдүн жээгинде браконьерликке каршы рейддерди күчөтүүнү жана калк арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча чечимдер кабыл алынып, айыл өкмөт башчыларына жана тийиштүү райондук мекеме -уюм жетекчилерине бир каттар тапшырмалар берилди.