31.01.2025
Кароолор: (33)
“Демилгелүү жаштарга – дем” форуму Түп районунда өтүүдө

Түп районунун маданият үйүндө 29-январь күнү “Демилгелүү жаштарга – дем” аттуу форум өттү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштардын коомдогу ордун бекемдөө, жаңы идеяларды ишке ашырууга дем берүү жана актуалдуу маселелерди биргеликте талкуулоо болду.
Форумдун катышуучуларын Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшобаева, Түп райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Мирбек Баркалбасов жана Түп райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Достук Бердибек уулу куттукташып, маанилүү ишти турмушка ашырууга каалоо-тилектерди айтышты.
Форумдун алкагында төмөнкү темалар каралды:
"Жаштарды турак жай менен камсыздоо маселелери",
"Райондогу жумуш орундар жана мүмкүнчүлүктөр",
"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу",
"Спорттук ийримдер жана ден соолукка байланыштуу баяндамалар",
“Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтар”.
Форум суроо-жооп форматындагы талкуулар, адистердин баяндамалары, спорттук жана маданий жетишкендиктерди көрсөтүү, концерттик программалар, белектер жана резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
«Демилгелүү жаштарга – дем” 2- форуму – бул жаштардын үнүн угуп, райондун өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгү эле.