06.12.2024
Кароолор: (106)
Эл аралык майыптар күнүнө карата

2024-жылдын 29-ноябрында “Эл аралык майыптар күнүнө” карата Түп районунун айыл аймактарынын 245 Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ЖАК “Кумтөр Голд Компани” тарабынан гуманитрадык азык-түлүк жардам берилди. Бул жардамды алгачкылардан болуп "Уркаш-Ата" конушундагы социалдык шаарчанын 30 үй бүлөсүнө Түп райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жерине жеткирилип, жардамдын багытын түшүндүрүп ден соолуктарынын чың болушуна тилектештигин билдиришти. Буга чейин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуу катынын негизинде Түп айыл аймагына караштуу КХ "КИРБИ" тарабынан социалдык шаарчадагы 30 үй бүлө үчүн 30 кап ун таратылып берилди.