Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.02.2024

Кароолор: (13)

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Түп районунда

2024-жылдын 13-ноябрында Эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарында Эркин күрөш боюнча коло медалдын ээси, 3 жолку Дүйнө жана 6 жолку Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекованы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен Түп райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окуучулары, машыктыруучулары, ата-энелер, тиешелүү мекеме-уюм жетекчилери жана спорт күйөрмандары менен бирдикте тосуп алуу иш-чарасы өткөрүлдү.Түп районунун аймагына кире беришинде жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын туусун көтөргөн спортчулар Айсулуу Тыныбекованы тосуп алып, Түп райондук маданият үйүндө желекчелерди көтөргөн жаш спортчулардын кол чабуулары “Айсулуу”, “Чемпион” деген ураандар менен коштолду.Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Адиев өз сөзүндө Балбан кызыбызга түптүү Түп элинин атынан, спортту туу туткан келечектеги жаш муундарга жол көрсөткөн жарык болуп, дүйнөлүк ири мелдештерде ийгиликтерди жарата беришине, талыкпаган мээнеткечтиги аркылуу арзыган кадыр-барктуу кадимки калыбынан жазбай, узак өмүр жана спорт тармагынын жолунда сапарынын узак жана байсалдуу болуусуна тилектештигин билдирди.Түп райондук мамлекеттик администрациясынын атынан “Эл сыймыгы” наамы ыйгарылып, гүл, белектер берилди. Түп районунун жаш спортчуларынын суроолоруна Айсулуу Тыныбекова жөнөкөй жана чын жүрөгүнөн чыккан сөздөр менен жооп берип, келечектин чемпиондоруна белектерин тапшырып демине дем кошту. Түп элинин нарктуу аксакалынын үй-бүлөлүк бакты-таалай каалаган ак батасы менен узап кетти.

Айсулуу кыргыз элинин бүгүнкү күндөгү Кыз Сайкалы!