09.07.2025
Кароолор: (8)
Ичке-Суу айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу

2025-жылдын 09-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Жетигенов жанаТүп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т. Мадяров Каркыра айыл аймагынын Ичке-Суу айылында жергиликтүү тургундар менен Ичке-Суу айылынын 2019-жылы курулуп башталган ичүүчү таза суу системасынын курулушу боюнча жеринде подряддык уюм, "Ремстроймост" ЖЧКсы жана Ысык-Көл капиталдык курулуштар башкармалыгынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлүп, жетекчилик тарабынан кыска мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди. Таза суу системасынын курулушун 2025-жылдын 01-августуна карата ишке берүү боюнча подряддык уюм, "Ремстроймост" ЖЧКсы убадасын берди.