06.12.2024
Кароолор: (92)
Кичи футбол аянтчаларынын курулушу

2024-жылдын 29-ноябрында Жапаров Рустам Садыровичтин демөөрчүлүгү менен Балбай айыл аймагынын Балбай Баатыр, Ак-Булуң, Фрунзе, Кудургу, Ой-Булак айылында Дастан атындагы кичи футболдук спорт аянтчасынын ачылыш иш-чарасы болуп өттү. Ачылыш иш-чарага келген Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Р.Сарымсаков, Балбай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Бакасов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.К.Канатбеков, спорт аянтчасынын демөөрчүсүнүн өкүлдөрү жана айыл тургундары өз сөздөрүндө улуттук желегибизди желбиреткен келечектин мыкты спортчулары чыга беришине тилектеш экендигин билдиришип, Кыргыз Республикасынын ГИМНи аткарылып кызыл тасма бирге кесилди. Спорт аянтчасына салымын кошкон демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалар тапшырылып, айыл калкынын атынан ардагер спортчу Оболбек Джайылганов бата берди.