10.09.2024
Кароолор: (28)
“Комуз” күнү жана “Айылдык Ден соолук Комитеттеринин” күнү белгиленди

2024-жылдын 9-сентябрында Түп айылындагы В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин спорттук аянтчасында “Комуз” күнү жана “Айылдык Ден соолук Комитеттеринин” күнү белгиленди. Иш-чарада Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орун басары Э.А.Дюшобаева өз сөзүндө улуттук асыл баалуулуктарды сактоо, даңазалоо менен кийинки муундарга өткөрүп берүүгө кошкон салымдары үчүн “Комуз” ийримдеринин жетекчилерине Түп райондук мамлекеттик адмнистрациясынын атынан ыраазычылык баракчаларын тапшырып, жаш комузчуларга Манас жана Комуз менен Кыргыз элин дүйнөгө таанытуу экендигин баса белгиледи жана жергиликтүү деңгээлде калктын ден соолугун чыңдоого, ооруларды алдын алууга, оорулардан сактануу, болтурбоо боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында алгылыктуу салымдарын кошуп келгендиги үчүн Райондук, Айылдык Ден соолук Комитеттеринин жетекчилерине, мүчөлөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Райондук, Айылдык Ден соолук Комитеттеринин кылган ак кызматтарын белгилеп айыл аймактардын өкүлдөрү баалуу белектери менен каалоолорун айтышып, ыраазычылык билдиришти. Райондук, Айылдык Ден соолук Комитеттери да өз кызматкерлерин баалуу белектер менен сыйлашып, иш-чара комузчулардын ыр-күүлөрү менен коштолду.