Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.12.2024

Кароолор: (14)

Коомдук кабыл алуу борборлорунун потенциалын жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча

Ысык-Көл айыл аймагынын Михайловка айылында Коомдук кабыл алуу борборлорунун потенциалын жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча райондук форум өткөрүлдү. Форумда катышуучуларга борбордун аймактагы коомдук коопсуздукту алдын алуу маселелерин чечүү боюнча жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууга түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга багытталган улуттук ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу боюнча кенен маалымат берилди. Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы -акимдин орун басары Э.А. Дюшобаева өз сөзүндө калган айыл аймактарда дагы коомдук кабыл алуу борборлорунун ишин күчөтүү керектигин баса белгилеп, Ысык-Көл айыл аймагындагы коомдук кабыл алуу борборунун ишине салымын кошуп, эмгектенген кызматкерлерге райондук мамлекеттик  администрациянын ыраазычылык баракчаларын ыйгарды.