12.08.2024
Кароолор: (21)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Алешович Касымалиевдин жетекчилигинде Түп районунун эли менен жолугуу

2024-жылдын 12-августунда Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Алешович Касымалиевдин жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен биргеликте атайын түзүлгөн топ, Түп районунун көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү максатында райондук маданият үйүндө райондун эли менен жолукту.
Жыйынга облус жана аймак жетекчилери катышып, айыл аймактардан келген жергиликтүү тургундардын ар кандай социалдык- экономикалык жана жеке маселелерине так жооптор берилип, тиешелүү тапшырмалар берилди.