Көрүүсү начарлар үчүн версия

24.09.2024

Кароолор: (16)

“Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата

КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №297-буйругун аткарууга алып, 5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата түзүлгөн бир айлык иш-чаралар мерчемине ылайык, 2024-жылдын 24-сентябрь күнү Түп райондук ӨКБ мү жана тиешелүү райондук Жарандык коргоонун кызматтары менен биргеликте Түп районунун Каркыра айыл аймагынын Чоң-Таш айылындагы Б.Королиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Өзгөчө кырдаал жана өрт кырсыгы катталган учурда коопсуздук иш-чаралары боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында практикалык окуулар жүргүзүлдү. Андан сырткары Мектептин кызматкерлерине жана окуучуларына “өрт кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу” боюнча ыктыярдуу өрттөн сактоо жана куткаруу кошундарынын кыймыл аракеттери текшерилди жана өткөрүлгөн ачык эшиктин жүрүшүндөгү кемчиликтерди четтетүү боюнча жетекчилигине тиешелүү тапшырмалар берилди.