Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.04.2025

Кароолор: (80)

Мамлекеттик менчикте турган жер тилкени ижарага берүүгө конкурс жарыяланат

Жайгашкан жери Пайдалануу максаты Аянтты  Ижара мөөнөтү Баштапкы ижара акысы Кыймылсыз мүлк салыгы 
1Каркыра айыл аймагы (№27-318-418 контуру 180,0 га) «Ɵнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындаСоциалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн Соода-логистикалык кызмат көрсөтүү жаатында 180,0 га 3 жыл 49 жылга мөөнөтүн узартуу менен3829248 

Конкурстун шарттары:

Конкурс 2025-жылдын 11-июнунда саат 10:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3-кабаты.

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2025-жылдын 9-июнь айынын саат 12:00гө чейин төмөнкү иш-кагаздарды алып келүүсү зарыл:

- конкурстун комиссиясынын төрагасына арыз;

- кепилдик төгүмдү төлөгөгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынын 10%);

- архитектура жана шаар курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обьектти жайгаштыруу эскиздик проектиси;

- айлана чөйрөгө таасирин тийгизүү боюнча баалоо;

-Долбоорлоону жана курууну иштеп чыгуу тажрыйбасы бар өнөктөш менен макулдашуусу;

- Келишим түзүлгөндөн кийин долбоорду 1 жылдын ичинде жүзөгө ашыруу.

1) жеке жактар үчүн:

- салык төлөмдөрүнө кары жок маалымдамасы;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

2) Юридикалык жактар үчүн:

- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдарек);

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөсү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атынан ишеним кат;

- эгерде юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген иш-кагаз, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн иш-кагаз талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат. 

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу иш-кагаздын көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт)

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. 

Суроолор боюнча төмөнкү дареке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66 

Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585

 Конкурс 2025-жылдын 11-июнь  саат 10:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3-кабатында өткөрүлөт.