Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.03.2024

Кароолор: (10)

Михайловка айылындагы "Дастан" атындагы кичи футболдук спорт аянтчасынын ачылышы

2024-жылдын 2-ноябрында Жапаров Рустам Садыровичтин демөөрчүлүгү менен Ысык-Көл айыл аймагынын Михайловка айылында Дастан атындагы кичи футболдук спорт аянтчасынын ачылыш иш-чарасы болуп өттү. Ачылыш иш-чарага келген Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси А.Н. Азарбеков, Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Э. Дюшобаева, Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.И. Бозгунов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.К. Канатбеков, Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Черикбаев, спорт аянтчасынын демөөрчүсүнүн өкүлү А.У. Деркимбаев жана айыл тургундары өз сөздөрүндө улуттук желегибизди желбиреткен келечектин мыкты спортчулары чыга беришине тилектеш экендигин билдиришип, кызыл тасма бирге кесилди.Спорт аянтчасына салымын кошкон демөөрчүлөргө ыраазычылык баракчалар тапшырылып, Ысык-Көл айыл аймагы тарабынан спортчуларга белектер берилип, айыл калкынын атынан Токтомбаев Асанбай Макенович карыя бата берди.