16.10.2024
Кароолор: (21)
Мугалимдер күнү белгиленди

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёоо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Мугалимдер күнү Түп районунун аймагында дагы белгиленип, билим берүү тармагына эмгеги сиңген ардактуу жана жаш мугалимдик кесипте мыкты жетишкендиктерин көрсөтө алган мугалимдерге райондун ардактуу атуул, кадырлуу эмгектин каарманы медалы, ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Билим берүү тармагында жараткан жетишкендиктери жана камсыздаган ийгиликтери үчүн М. Элебаев, Ж. Мукамбаев жана К. Усенбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектептери акчалай сыйлык менен сыйланып, сертификаттар тапшырылды. Адамдардын жан-дилине илим-билим үрөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!