10.07.2025
Кароолор: (7)
ӨМҮР САКЧЫЛАРЫНА ТААЗИМ!!!

2025-жылдын 6-июлунда Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т. Мадяров районубуздагы саламаттыкты сактоо тармагында талыкпай эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы дарыгерлерибиз Шамырканова Зайрабүбү Казаковнаны, Бейшебаев Аскер Бейшебаевичти, Сарбагышева Анаркан Имашевналарды "Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү" менен куттуктап сыйлыктарын тапшыруу менен алардын өрнөктүү иш тажрыйбаларына, кеп-кеңештерине келечек жаштар муктаж экендигин баса белгилеп, дарыгерлерге узун өмүр, дөөлөттүү карылык каалап өттү.