10.07.2025
Кароолор: (9)
РАЙОН АЙМАГЫНДА НӨШӨРЛӨП ЖААГАН ЖАМГЫРДЫН КЕСЕПЕТИНЕН 2 АЙЫЛ АЙМАКТА СЕЛ ЖҮРДҮ

Түп айыл аймагы
2025-жылдын 08-июлунда болжол менен саат 11:50 чамасында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдын кесепетинен Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту колоттордон түшкөн суулар сел өтүүчү арыктан ашып айылдын ички Бөжөй көчөсүнүн жолун каптаган.
Жеринде Түп району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жарандык коргонуу кызматтары биргеликте иш алып барып, ыкчам түрдө Түп айыл өкмөтүнүн 2 даана экскаватору тартылып, кум шагылга толуп калган суу өтүү арыктарын жана ички толуп калган көпүрөлөрүн тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.
Тартылган күч каражаттар: Түп району боюнча ӨКБнын 3 офицер, ЖК кызматынан 5 кызматкер, Түп А/А 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, Түп айыл өкмөтүнүн 2 даана экскватор, 1 даана самосвал.
Аткарылган иштер: ички чарбалык 7 даана көпүрө тазаланып, кум шагыл төгүлүп бекемделди жана 120 метр суу жеп кеткен арыктын жээги бекемделип, ошондой эле суу жеп кеткен 152 метрдей көчөгө кум шагыл төгүлүп түздөө иштери жүргүзүлдү.
Балбай айыл аймагы
2025-жылдын 08-июлунда болжол менен саат 12:00 чамасында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдын кесепетинен Балбай айыл аймагына караштуу Балбай, Күрмөнтү, Ак-Булун айылдарын кокту колоттордон, сел өтүүчү арыктан суу ашып, каптаган.
Селдин кесепетинен: - Балыкчы-Ананьево-Каракол авто унаа жолунун 180 чакырымындагы суу өткөргүч көпүрөдөн суунун сыйымдуулугу чоң болгондуктан суу батпай жолду жана үлүш айдоо аянтындагы болжол менен 30 соток жерди каптаган.
Тартылган күч каражаттар: Түп району боюнча ӨКБнын 4 кызматкер, ЖК кызматынан 11 кызматкер, Балбай А/А 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Балбай айыл өкмөтүнүн 2 даана экскватор, 1 даана жүктөгүч, 1 даана Хово, “Чайна-Роуд” компаниясынын 1 даана экскватор.
Аткарылган иштер: 2 даана чоң көпүрө, ички чарбалык 3 даана көпүрө тазаланып кум шагыл төгүлүп, бекемделди жана 70 метр суу жеп кеткен арыктын жээги бекемделип, 130 метр арык казылып, тазаланды.
Жалпы тартылган күч каражаттын саны; 61 адам, 8 техника.
Ак-Булуң айылында Фрунзе көчөсү №45 үйдүн жер төлөсүн жана Фрунзе көчөсү №43 турак үйдүн короо жайын суу каптаган.