22.08.2024
Кароолор: (32)
Райондун аймагында эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана андан ары жайылышын болтурбоо жөнүндө

Түп районунун аймагында кызамык, кызылча, көк жөтөл оорулары боюнча эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана андан ары жайылышын болтурбоо, жалпы калкты медициналык камсыздандыруу менен толук камтуу, өрт коопсуздуктарын алдын алуу боюнча 2024-жылдын 14-15-август күндөрү Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмү, Түп райондук жалпы дарыгердик практикалык борбору, Түп райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Түп райондук өрткө каршы бөлүмү Каркыра жана Карасаев айыл аймактарынын ФАП кызматкерлери менен биргеликте аткарылып жаткан иштер боюнча жеринде маалымат алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.