Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.12.2024

Кароолор: (21)

Сабыр Орозов атындагы балдар музыкалык мектебинин ишмердүүлүгү жөнүндө

Сабыр Орозов атындагы балдар музыкалык мектебинин тарабынан 12-декабрь улуу жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүн белгилөө менен катар бир жылдык отчеттук концерти болуп өттү. Аталган отчеттук концертке Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы К. Адиев сөз сүйлөп, музыкалык мектептин жетишкендиктерин  баса белгилеп өтүү менен, окуу жайга мындан аркы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалап өттү. Концерттин жүрүшүндө окуу жайдын окуучулары жана мугалимдери өз өнөрлөрүн тартуулашып,  Ч. Айтматовдун чыгармалары чагылдырылган иш-чара мыкты денгээлде жана  уюшкандыкта өткөрүлдү.