Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (19)

Сары-Булуң айылындагы "Дастан" атындагы кичи футболдук спорт аянтчасынын ачылышы

2024-жылдын 4-ноябрында Жапаров Рустам Садыровичтин демөөрчүлүгү менен Ысык-Көл айыл аймагынын Сары-Булуң айылында Дастан атындагы кичи футболдук спорт аянтчасынын ачылыш иш-чарасы болуп өттү. Ачылыш иш-чара Кыргыз Республикасынын ГИМНи менен ачылып, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М.Адиев, Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.И.Бозгунов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.К.Канатбеков, Балбай айыл аймагынын өкмөт башчысы М.Бакасов, спорт аянтчасынын демөөрчүсүнүн өкүлү А.У.Деркимбаев жана айыл тургундары куттуктоолорун айтышып, мыкты спорт чеберлеринин чыгышына себеп боло турган спорттук аянтчалардын бири болуусуна тилек кылышып, кызыл тасма бирге кесилип спорт аянтчасына салымын кошкон жарандарга ыраазычылык баракчалар тапшырылды.