Көрүүсү начарлар үчүн версия

28.08.2024

Кароолор: (29)

Спорт дүйнөсүндөгү жаңылыктар

2024-жылдын 23-августунда Иордания мамлекетинде өткөрүлгөн Дүйнөлүк чемпионатта өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча 45кг чейинки салмакта 3-орунду багындырган коло медалдын ээси Түп районунун Тасма айылынын тургуну Бейшембаев Бекжан Ырыскелдиевичти Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен салтанаттуу тозуп алып, иш чарада Бейшембаев Бекжандын ата-энеси, бир туугандары, машыктыруучулары, Тасма айылынын тургундары сүйүнүчтөрүн жашыра алышпай “Бекжан чемпион”, “Бекжан биздин сыймыгыбыз” ураандары менен улуттук желегибизди желбиреткен жаш спортчуну колдоп, коштоп турушту.

Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Р.Д. Сарымсаков куттуктоо сөзүндө жаш спортчуга келечекте Дүйнө чемпиону болууга тилектеш экендигин билдирип, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай сыйлык жана башчы-аким К.М.Адиевдин жеке өзүнүн атынан акчалай сыйлык, ыраазылык кат, ардак грамоталар тапшырылды.

Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Коробаев куттуктоосу менен баалуу белектерин тапшырды Коло медалдын ээси Бейшембаев Бекжандын бул эмгегине өбөлгө түзүп, акча каражаты менен көмөк көрсөткөн Жогорку Кеңештин депутаты А.Т.Түмөнбаевге, Тасма элине жана жаштарына, жаш спортчуну Дүйнөлүк чемпионатка таптап даярдаган машыктыруучулары Атагулов Тилекмат Акматалиевичке жана Мамбетов Ратбек Шабданбековичке Түп райондук мамлекеттик администрациясы терең ыраазычылык билдирет.