10.09.2024
Кароолор: (29)
Спорт дүйнөсүндөгү жаңылыктар

2024-жылдын 7-сентябрында Россия өлкөсүнүн Орел шаарында август айында өткөрүлгөн Дүйнөлүк чемпионатта ардагерлер арасында Кармаш-уруш боюнча 1-орунду багындырган Түп районунун Түп айылынын тургуну Жолдошев Туратбек Карыбаевичти Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен салтанаттуу тозуп алып, иш чарада Жолдошев Туратбек агайдын бир туугандары, бирге иштеген спорт чеберлери, Түп айылынын тургундары сүйүнүчтөрүн жашыра албай улуттук желегибизди желбиреткен спортчуну колдоп, коштоп турушту. Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Э.А. Дюшобаева куттуктоо сөзүндө мындан ары өзүнө окшогон Дүйнө чемпиондорун тарбиялоого көмөктөш болууга тилектеш экендигин билдирип, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат тапшырылды. Иш-чарага келген Жолдошев Туратбек Карыбаевичти тарбиялаган агайлары Дүйнө чемпионунун бала кезиндеги өжөрлүгүн, эмгекчилдигин, спортко болгон кызыгуусун белгилешти. Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Джаманкеев өз сөзүндө агайга жетишкендиктерди каалап, мыкты спорт чеберлерин чыгара берүүгө тилектештигин билдирип, 40 000 сом акчалай сыйлык менен сыйлады.