27.08.2024
Кароолор: (25)
Спорт жаңылыктары

2024-жылдын 27-августунда Түп райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусунда Молдова мамлекетинде өткөрүлгөн Дүйнөлүк чемпионатта кол күрөш боюнча 2-орунду багындырган күмүш медалдын ээси Түп районунун Көөчү айылынын тургуну Муталипова Айгуль Максатовнаны Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында Түп районундагы мекеме жетекчилеринин катышуусунда куттуктоо аземи өткөрүлдү. Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Р.Д.Сарымсаков куттуктоо сөзүндө жаш спортчуга келечекте Дүйнө чемпиону болууга тилектеш экендигин билдирип, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай сыйлык жана ыраазычылык каты тапшырылды.
Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Т.Черикбаев жана Түп райондук Архив башкармалыгынын башчысы Б.А.Таштанбеков өз куттуктоолорун айтып, келечекте алтын медалдын ээси жана жашоодо бактылуу болуусун каалады.