Көрүүсү начарлар үчүн версия

29.11.2025

Кароолор: (14)

Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы 61-буйругунун негизинде Бозгунов Урмат Имангазиевич Түп районунун Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна 2025-жылдын 27-ноябрынан баштап дайындалды. 2025-жылдын 27-ноябрында Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мадяров Тимур Мысырович Бозгунов Урмат Имангазиевичти Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты менен тааныштырып, иштерине ийгиликтерди жана алдыдагы жетишкендиктери каалады.