Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.03.2026

Кароолор: (4)

Түп айылында Мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди.

Бүгүн Түп райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында 3-март  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана 5- март ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара парадга басуу менен белгиленди. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, туу көтөрүү аземи болду.  Иш-чарага Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т. Мадяров, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. 

Түп районунун жетекчиси Тимур Мадяров желбиреген кызыл туубуз –эркиндиктин символу экендигин белгилеп, анын бийик желбиреп туруусу үчүн экономикабыз кубаттуу, мамлекетибиз күчтүү болушу керектигин айтып, жалпы журтту биримдикке, ынтымакка жана мекенчилдикке үндөдү. Андан соң райондук маданият бөлүмү тарабынан чакан концерт тартууланды.