Көрүүсү начарлар үчүн версия

20.09.2024

Кароолор: (19)

Түп айылында унаалар өтүү үчүн жол толугу менен ачылды

2024-жылдын  20- сентябрында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Түп районунун акими Каныбек Адиев Ананьево-Каракол унаа жолунун Түп айылындагы бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, автотранспорт каражаттары каттай турган жол тилкесинин ачылышына күбө болду. Маалыматка ылайык төрт тилкеден турган узундугу 1 км 250 метр жолдун реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 72 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин Каракол шаарынын муниципалдык жол тейлөө ишканасы алып барган. Бул жол тилкеси Ысык-Көл шакекче жолунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Учурда жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздай турган тротуарларды төшөө иштери уланууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү У. Далиев  бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, транспорт тармагын модернизациялоо аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.