Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2024

Кароолор: (43)

Түп айылындагы Уркаш –Ата конушунда өткөрүлгөн ишембилик жөнүндө

2024-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгынын алкагында социалдык шаарчада улуттук-тазалык күнү белгиленип, Түп айылындагы В.Кайкин атындагы жалпы билим берүү уюмунун жалпы эмгек жамааты 90дой кызматкер Ж.Тагаевдин жетекчилигинде “Мекенибизди, жерибизди тазалыкта аздектеп, келечек муунга татыктуу өткөрөлү” ураанынын алкагында алгылыктуу иштерди алып барып, социалдык шаарчанын ачылышына өз салымдарын кошушту.Түп районунун Түп айылындагы “Уркаш-Ата” конушундагы “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусунун демөөрчүлүгү тарабынан курулган социалдык шаарчадагы 30 батирлүү 15 үйдүн курулуш иштери толук аяктап, аярлуу катмардагы үй бүлөлөргө тоголок жетим, көп балалуу, майып бала баккан жесир энелерге бөлүнүп берүү алдында турат. Тазалык - ар бирибизден башталат !