Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.10.2024

Кароолор: (31)

Түп айылындыгы "Уркаш-Ата" конушундагы социалдык шаарчанын ачылышы

2024-жылдын 30-сентябрында Түп айылындыгы "Уркаш-Ата" конушундагы “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, курулуш иштери толук аяктап ишке берилген социалдык шаарчанын ачылыш иш-чарасы болуп өттү. Ачылышта Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү У.Э. Далиев, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Адиев, Абдулкарим Али Мохаммед Али жетектеген "Ассанабиль" кайрымдуулук фондусуна терең ыраазычылык билдиришип, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары К.Б.Жанузакова куттуктоосун айтып ФАП, мечиттин ачылышына арналган кызыл тасманы бирге кесишти. “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан социалдык шаарчадагы 30 батирлүү 15 үйгө жайгаштырылган үй- бүлөлөргө үй тиричилик буюмдары, эмеректер жана азык-түлүктөр берилди. Түп райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Түп районунун аярлуу катмарын турак жай менен камсыздоодо колдоо көрсөткөн “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусунун жамаатына жана көмөк көрсөткөн жеке жарандарга баалуу белектер, ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары берилди. Турак жайларга жайгаштырылган аз камсыз томолой жетим жана жарым жетим балдардын, көп балалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды тарбиялаган жалгыз бой жесир энелердин атынан Зундунов Тыныбек өз сөзүндө кубанычында чек жок экендигин билдирип, ыраазычылык айтты.