25.04.2025
Кароолор: (18)
Түп-Кеген жолунун жасалышы боюнча

2025-жылдын 21-апрелинде Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж. Жетигенов Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.М. Адиев менен бирге Каркыра айыл аймагындагы Түп-Кеген жолунун жасалышы боюнча жеринде маалымат алышып, жолдун жасалышынын сапатына маани берүүнү баса белгилеп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмаларды берди.