05.08.2025
Кароолор: (80)
Түп райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жарыялайт
1 Жайгашкан жери Ысык-Көл айыл аймагынын №128, №127, №106, №124, №125, №121, №126, №110-, №109-, №111, №108, №105, №104-, №92, №86, №103, №122, №123, №93, №, №94, №101, №102, №112, №113, №107 контурларынан жалпы 88,0 га “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясында 2 Пайдалануу максаты Котеждик шаарча курууга 3 Аянты 88,0 га 4 Ижара мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019- жылдын 9-октябрындагы “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №535 токтомуну менен бекитилген жобонун 6 пунктуна ылайык 5 Баштапкы ижара акысы 6 240 256 сом 6 Кыймылсыз мүлк салыгы 3 120 128 сом
Конкурстун шарттары:
Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2025-жылдын 11-сентябрында саат 17:30 га чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
Кепилдик төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10 %, сом)
- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана котеждик шаарчанын эскиздик проектиси;
- Долборлоону жана курууну иштеп чыгуу тажрыйбасы бар өнөктөш менен макулдашуу;
- Ысык-Көл айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
1) жеке жактар үчүн
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер)
-юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюмдаштыруу келишимдин көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө докумен талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт) ;
- Кыргыз Республикасынын МК караштуу салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.
Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66
Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585
Конкурс 2025-жылдын 12-сентябрында саат 10:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3 кабатында өткөрүлөт.