Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.08.2025

Кароолор: (12)

Түп райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

1Жайгашкан жери 

 

Каркыра айыл аймагынын Корумду   айылындагы (№1449, 1450, 1451, 1452, 1453, 1454, 1455 контурларындагы 3,30  5 га )  «Ɵнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер»  категориясында 

2Пайдалануу максаты Балык чарбасын уюштурууга  
3Аянты 3,30 га 
4Ижара мөөнөтү 

3 жыл 

49 жылга мөөнөтүн узартуу менен 

5Баштапкы ижара акысы 46802  сом жылына
6Кыймылсыз мүлк салыгы 23401   сом жылына

Конкурстун шарттары: 

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дареке 2025-жылдын                            21-сентябрында  саат 12:00 га чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:

Кепилдик төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10 %, сом) 

- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана котеждик шаарчанын   эскиздик проектиси;

- Долборлоону жана курууну иштеп чыгуу тажрыйбасы бар өнөктөш менен макулдашуу;

- Каркыра   айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.

1) жеке жактар үчүн 

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

2) юридикалык жактар үчүн: 

- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер)

-юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруу келишимдин көчүрмөсү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө докумен талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт) ;

- Кыргыз Республикасынын МК караштуу салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты. 

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. 

Суроолор боюнча төмөнкү дареке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66 

Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585

 Конкурс 2025-жылдын 22-сентябрында саат 10:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3 кабатында өткөрүлөт.