Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.08.2025

Кароолор: (36)

Түп райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

1Жайгашкан жери Балбай  айыл аймагынын (№203 контурундагы 2,5 га ) «Ɵнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын , байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер»   категориясында 
2Пайдалануу максаты Ɵндүрүш тармагына 
3Аянты 2,5 га 
4Ижара мөөнөтү 

3 жыл 

49 жылга мөөнөтүн узартуу менен 

5Баштапкы ижара акысы 53184  сом жылына
6Кыймылсыз мүлк салыгы 26592   сом жылына

Конкурстун шарттары: 

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дареке 2025-жылдын                            26-сентябрында  саат 12:00 га чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:

Кепилдик төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10 %, сом) 

- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана таш майдалоочу жана сорттоочу заводдун    эскиздик проектиси;

- Балбай   айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;

1) жеке жактар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү.

2) юридикалык жактар үчүн: 

- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);

-юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруу келишимдин көчүрмөсү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);

- Кыргыз Республикасынын МК караштуу салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты. 

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. 

Суроолор боюнча төмөнкү дареке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66.

Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585.

 Конкурс 2025-жылдын 29-сентябрында саат 10:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3 кабатында өткөрүлөт.