Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.04.2026

Кароолор: (5)

Түп райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

1Жайгашкан жери 

Каркыра айыл аймагынын «МЖС» участогундагы №36 контурундагы 0,50 га айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлер 

2Пайдалануу максаты Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө  
3Аянты 0,50 га 
4Ижара мөөнөтү 3 жыл сыноо мөөнөтү менен 
5Баштапкы ижара акысы 17 850 сом  сом жылына
6Кыймылсыз мүлк салыгы 8925   сом жылына
Эскертүү:  Конкурсттун женүүчүсү  Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 16-беренесине  ылайык  айыл чарба   жоготууларынын жана алынбай калган пайданын   ордун толтуруу наркынын суммасын төлөйт
7 Айыл чарба жоготуулары 89 955 сом 
8Алынбай калган пайда 2 205 сом 

            

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Конкурстун шарттары: 

Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү  дареке 2026 - жылдын               11-майына  саат 10:00 го чейин төмөнкү иш кагаздарды алып келүүсү зарыл:

Кепилдик төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10 %, сом) 

- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер тилкесинин эскиздик долбоорун;

- айлана чөйрөгө таасирин тийгизүү боюнча баалоо;

- кепилдик каты;

1) жеке жактар үчүн 

- коммиссиянын төрагасына арыз;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;

2) юридикалык жактар үчүн: 

- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер)

-юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- уставдын жана уюмдаштыруу келишимдин көчүрмөсү;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;

- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;

- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө иш кагаз талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;

- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу иш кагаздын көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине  караштуу салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты. 

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат. 

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66 

Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585

 Конкурс 2026-жылдын 12-майында    саат 11:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3 кабатында өткөрүлөт.