10.06.2026
Кароолор: (4)
Түп райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жарыялайт
1 Жайгашкан жери Түп айыл аймагынын №421 контурундагы 0,50 га «Ɵнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлер» категориясындагы жерлер 2 Пайдалануу максаты Мал соючу жай курууга 3 Аянты 0,50 га 4 Ижара мөөнөтү 3 жыл сыноо мөөнөтү менен 5 Баштапкы ижара акысы 24 990 сом жылына 6 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 12 495 сом жылына Эскертүү: Конкурсттун женүүчүсү Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 16-беренесине ылайык айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөйт 7 Айыл чарба жоготуулары 87 955 сом 8 Алынбай калган пайда 2205 сом
Конкурстун шарттары:
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү дареке 2026 - жылдын 09-июлуна саат 10:00 го чейин төмөнкү иш кагаздарды алып келүүсү зарыл:
Кепилдик төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (ижара акысынан 10 %, сом)
- архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер тилкесинин эскиздик долбоорун;
- кепилдик каты;
1) жеке жактар үчүн
- коммиссиянын төрагасына арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер)
-юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюмдаштыруу келишимдин көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
- эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
- эгер юридикалык жак тандалган коллегиялдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө иш кагаз талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
- өкүлдүн ким экендигин ырастоочу иш кагаздын көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу салык кызматынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.
Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыныздар: Түп айылы, Боронбай көчөсү, №53 байланыш телефону 0 (03945) 2-43-66
Реквизиттер: Борбордук казына, ИНН:030199210120, БИК:440405, депозиттик эсеп: 4404052100001585
Конкурс 2026-жылдын 10-июлунда саат 11:00 дө төмөнкү дарек боюнча өтөт: Түп айылы, Боронбай көчөсү №53 Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 3 кабатында өткөрүлөт.