25.04.2025
Кароолор: (23)
Түп райондук мамлекеттик администрациясы Ысык-Көл айыл аймагында

2025-жылдын 23-апрелинде Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.М.Адиев айыл аймактардагы бир катар маселелер боюнча жеринде маалымат алып, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы С.М.Осмонов, ӨКБнүн башчысы Б.Ж.Байгелдиев менен бирге суу каптоолорду болтурбоо жана алдын алуу максатында Ысык-Көл айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында болду.
Тогуз-Булак айылындагы жашоочулардын үйлөрүнүн жер төлөөлөрүнөн суу чыгып жаткандыгына байланыштуу, жашоого ыңгайсыздыктарды жаратуусуна бөгөт коюу боюнча Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.И.Бозгуновго арыктарды тазалоодо ыкчам иштерди алып баруусун тапшырды.
Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.К.Турганбаев менен бирге райондун борбору болгон Түп айылындагы бир катар май куючу жайлардын абалы менен таанышып, ажаатканаларды тез арада бүтүрүп, ишке берүүнү, жашылдандырууну тапшырып, жайкы эс алуучуларды кабыл алуу борборуна жайкы сезонду жакшы даярдыктар менен баштоосун билдирди.