Көрүүсү начарлар үчүн версия

20.09.2024

Кароолор: (56)

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.М. Адиевдин Түп районунун Карасаев айыл аймагынын эли менен болгон жолугушуусу

2024-жылдын 19-сентябрында Түп райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Адиев Карасаев айыл аймагынын Арал жана Тасма айылдарында жыйын өткөрүп, айылды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Иш сапардын жүрүшүндө Тасма айылынын балдар бакчасында да болуп, ал жердеги балдардын жашоо шарты жана коллективдин иши менен таанышып,бала бакчанын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар маселелер чечилди.