21.09.2024
Кароолор: (25)
Түп районунда жалпы ишембилик өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгында апрель-сентябрь айларынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген. Андыктан 2024-жылдын 21-сентябрында Түп айылында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында ишембилик өткөрүү боюнча районубуздун мекеме, ишканаларынын, айыл өкмөтүнүн, бала бакчалардын , мектептердин кызматкерлеринин чогулушунда район башчысы-аким К.М. Адиевдин кайрылуу сөзүнөн башталды. Адиев Каныбек Маматбекович өлкөнүн тазалыгы ар бир жарандан көз каранды экендигин белгилеп, айыл тургундарын тазалыкка өзгөчө маани берүүгө чакырды. Мындан сырткары, райондун башка айыл аймактарында да жергиликтүү тургундардын, кызматкерлердин катышуусунда ишембиликтер өткөрүлүүдө.