10.07.2025
Кароолор: (7)
Түп районунун айрым аймактарында сел жүрдү

2025-жылдын 08-июлунда болжол менен саат 11:00 чамасында нөшөрлөп катуу жааган жамгырдын кесепетинен Шаты, Балбай, Күрмөнтү, Ак-Булун айылдарынын кокту колотторунан түшкөн суулар сел өтүүчү арыктан ашып агып түшүп суу каптаган.
Жеринде Түп району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Жарандык коргонуу кызматтары биргеликте иш алып барып, селдин кесепеттеринен жабыркаган жерлер толугу менен калыбына келтирилди.
Жалпы тартылган күч каражаттын саны 8-техника болуп, 61-адам иш алып барышты.